ОПТИМАТТАР
ОПТИМАТТАР (латынча орИта1ез - ак сөөктөр, орНшиз - эң жакшы, эң мыкты) - биздин заманга чейинки 2- к-дын аягы -1-к-да Байыркы Римдеги идеялыксаясий агым: нобилиттер аталган сенаттык ак сөөктөрдүн кызыкчылыгын көздөп,
популярларга каршы күрөшкөн. 0. менен популярлардын тирешүүсү биздин заманга чейинки 2-к-дын ортосунда башталган агрардык кризистин бир этабы болуп, Юлий Цезардын диктатурасынын орношу менен аяктаган. Бул терминди колдонуу тарыхый изилдөөлөрдө талаш маселе бойдон калууда.