ОПТИМАЛДУУ СИСТЁМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПТИМАЛДУУ СИСТЁМА - башкарылуучу объектинин эң мыкты, оптималдуу иштешин камсыз кылуучу автоматтык башкаруу систе­масы. Башкаруу системасынын эң мыкты иш­теши атайын тандалып алынган критерий менен мүнөздөлөт. Мындай критерий оптималдуулук критерийи деп аталып, объектинин ишинин техникалык, экономикалык көрсөткүчтөрү менен аныкталат. Мисалы, оптималдуулуктун критерийи катары пайдалуу аракет коэффициенти, ылдам аракеттүүлүк, иштин тактыгы, жумшал­ган каражаттын минимуму, системанын пара­метрлеринин берилген маанилеринен орт. же максималдуу кыйшайышы, ошондой эле бир нече чоң­дук менен байланыштуу жалпыланган критерий алынат. Оптималдуулуктун критерийи өтмө, ту­руктуу процесстерге же экөөнө тең тиешелүү бо­лушу мүмкүн. Оптималдуулуктун критерийи башкарылуучу систбмалардын параметрлери менен координаталарына дайыма көз каранды бол­со, статистикалык деп аталат. 0. с-ны колдо­нуу кеме, самолёт, поезд ж. б. кыймылдагы объектилердин манёврлуулугун жогорулатат, үзгүлтүксүз өндүрүштү, мештерди, казан орнот­молорун, химиялык реакторлорду ж. ,б. башкарууну жакшыртат.

Ад.: Уайлд Д. Оптимальное проектирование. М., 1981.