ОПТИМАЛДУУ БАШКАРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПТИМАЛДУУ БАШКАРУУ - каалаган на­тыйжага оптималдуулук критерийине ылайык жетүү, башкача айтканда мүмкүн болушунча аз убакытта же эң жогорку экономикалык натыйжа менен ишке ашыруу, берилген чектөөлөрдүн ичинде башкаруунун натыйжалуулугун мүнөздөй турган атайын кри­терийдин пайдалуу маанисин камсыз кылуу. Системанын баштапкы абалынан берилген абал­га чейин өтүү убактысы, башкарылуучу чоңдук­тун берилген абалдан орточо квадраттык кый­шайышы, өндүрүмдүүлүк, продукциянын сапа­ты, жумшалган энергия же баалуу сырьё ж. б. оптималдуулуктун критерийи катары каралы­шы мүмкүн. Берилген шартта өтмө процесстин минимумун автоматтык түрдө камсыз кылуучу система тез аракеттүүлүгү боюнча оптималдуу сис­тема болуп эсептелет. О. б. автоматтык жөндөө системасынын жана ээрчиме системалардын тез аракеттүүлүгүн жана тактыгын жогорулатууга ум­тулуунун негизинде пайда болду. Мына ушул техникалык маселелер математикалык жактан мазмундуу 0. б-нун теориясын иштеп чыгууга шарт түздү. О. б-нун теориясы 20-к-дын 50-жылдарынын ортосунда кыймылдагы объектилерди башкаруу маселеле­ринин негизинде келип чыккан. Кандайдыр процесске адам таасир тийгизсе, ошол жерде 0. б. маселеси бар, мисалы, автомобилди башкаруу­да айдоочу рулдун жана ылдамдыкты өзгөртүүчү тетиктин жардамы менен автомобилдин кыймы­лын, учкуч, кеме капитаны атайын каражат­тардын жардамы менен башкаруу процесстерин өзгөртөт. Экономикалык процесстердин жүрүшүн, бааны ө. ж-дын кээ бир тармактарын артыкча өстүрүү дагы ушул сыяктуу таасирлер менен башкарууга болот. Мына ушуга байланыштуу каалаган жыйынтыкка эң жакшы, оптималдуу түрдө жетиш үчүн башка­руунун керектүү түрүн табыш керек. Акыркы жылдарда бул маселени чечүү максимум прин­циби, динамикалык программалоо сыяктуу ыкмалар пайда болду.