ОПТИКАЛЫК СҮРӨТТӨЛҮШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПТИКАЛЫК СҮРӨТТӨЛҮШ - оптикалык сис­теманын объект нурланткан же чагылткан жа­рык нуруна таасир этишинен алынуучу объек­тинин сүрөтү. 0. с. объектинин сөлөкөтүн жана айрым бөлүктөрүн белгилүү өлчөмдө бузуп көрсөтөт. Нерсени көрүүдө, нерседен көзгө маа­лымат ташыган жарык нурлары көз аркылуу сынып өтүп, О. с-тү көздүн торчосуна проекция­лайт. Объектинин туура сүрөттөлүшүн алыш үчүн, анын ар бир чекитинин сүрөттөлүш тегиз­дигиндеги чекиттик проекциясына жетишүү за­рыл. О. с. чыныгы жана жалган болуп бөлүнөт. Чыныгы 0. с. чогултуучу нурлардын кесили­шинде пайда болот, ал кесилиш тегиздигинде­ги экранда байкалат. Экинчи учурда оптикалык системадан чыккан нурлар чачырап, бири би­ринен алыстайт. Эгерде аларды геометриялык карама­каршы багытка улап элестетсек, алар бир че­китте кесилишип, жалган О. с-тү пайда кылат. Бул жалган сүрөттөлүштү экранга же фотоплён­кага түшүрүү мүмкүн эмес. Бирок, көз аны чы­ныгы сүрөттөлүшкө өзгөртүп түзөт. Жалпак күз­гүлөр жалган сүрөттөлүштү берет.