ОПТИКАЛЫК НУРЛАНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПТИКАЛЫК НУРЛАНУУ - толкун узундугу 1 нледен 1 млгге чейинки диапазондогу электр-магнит­тик толкундар. О. н-га адамдын көзү кабыл алуучу көрүнгөн жарыктан башка инфракызыл жана ультракызгылт көк нурлануулар кирет. О. н-нун толкун касиети жарык дифракциясын­да, интерференциясында, уюлдануусунда (поляр­лануусунда) байкалат. Ошондой эле көп кубулуштар корпускулалык бөлүкчөлөр болгон фотонду кол­донуу менен түшүндүрүлөт. О. н-нун мындай тол­кундук, корпускулярдык касиети кванттык механикада каралат. О. н-нун вакуумдагы та­ралуу ылдамдыгы (формула) О. н. атом жана мо­лекулалардын нурлануусу (жылуулук нурла­нуусу, люминесценция), спектрдик курамдын бир тектүүлүк даражасы (монохроматтык, монохроматтык эмес), электр жана магнит век­торлорунун багытталыш тартиби (сызыктуу, ай­лана жана эллипс боюнча уюлданган), нурлануу агы­мынын чачырашы (багытталган, диффузиялык) ж. б. түрлөргө бөлүнөт. Нерсенин бетине түшкөн жарык чагылат, жутулат жана кандайдыр бир бөлүгү андан өтөт. Жутулган жарык нерсенин ички энергиясын көбөйтөт. О. н. фотоэффект, фотолюминесценция кубулуштарын жана фото­химиялык реакцияларды пайда кылат.