ОПТИКАЛЫК КҮЗГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПТИКАЛЫК КҮЗГҮ - оптикалык системанын тунук элементтерин жасоого багытталган бир тектүү айнек. Оптикалык системаларда чагыл­дыруучу бети сфера, парабола, эллипс ж. б. түрүндөгү томпок жана иймек күзгүлөр колдону­латынча О. к-нүн формасы математикалык туура формада болсо, ал ошончолук сапаттуу болот. Күзгүнүн жарык чагылткыч бетиндеги майда быдырла­рынын өлчөмү чагылуучу жарыктын толкун узундугунан кичине болушу зарыл. Күзгүнүн чагылтуучу бетинин сапатына коюлган талап, алдыга коюлган маселеге жараша болот. Жал­пак эмес О. к. жалпы эле оптикалык система­лар сыяктуу абберацияга дуушар болот. Ал эми жалпак О. к. ага кандай шоола түшпөсүн аббе­рациясыз, жалган сүрөттөлүш берүүчү оптика­лык система болуп саналат. Бети парабола, сфера ж. б. симметриялуу огу бар О. к-лөрдөн алынуучу нерсенин сүрөттөлүшү күзгүнүн чоку­сунан (О) жүргүзүлгөн ийрилик радиусу (г) менен төмөндөгүдөй катышта байланышат: 1/з+1/«= =2/г.. Мында, з - күзгүнүн чокусунан (О) нерсе­ге (А) чейинки аралык: з' сүрөттөлүшкө (А') че­йинки аралык.

Эгерде нерсе өтө алыс аралыкта жайгашса, ан­да з' күзгүнүн фокустук аралыгына барабар бо­лот: 8'=/=г/2. Фокалдык тегиздик күзгүнүн чо­кусунан г/2 аралыгында жайгашкан. О. к-нүн чагылдыруу коэф. чоң болушу керек.