ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИЗИЛДӨӨ
ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИЗИЛДӨӨ - чечим кабыл алуу үчүн сан жагынан негизделген сунуштарды иштеп чыгуучу илимий ыкма. Так математикалык ыкма ар кандай маселенин чыгарылыш натыйжасынын сан маанисин аныктоого мүмкүндүк бергендиктен, 0. и-нү оптималдык чечим кабыл алуу теориясы катары аныктоого болот. Бардык чектөөлөрдү канааттандыра турган чыгаруу системасы чыгарылыштын мүмкүн болг о н т ү р ү деп аталат. 0. и. маселесинин маңызы оптималдык чыгаруунун оңой жолун табуу болуп эсептелет. 0. и-нүн кээ бир маанилүү маселелери 0. и-нүн м о д е л и деп аталат. Буга транспорт маселеси, ишенимдүүлүк теориясы, тармактык пландоо теориясы, ошондой эле массалык тейлөө теориялары кирет. О. и. маселелеринин ичинен сандык мааниге ээ болгон бир максаттуу функциялар бөлүнүп алынат. Мындай маселелердин теориясы математикалык программалоо деп аталат. Чечим кабыл алуу субъектинин чечиминин негизинде болот. Эгер чечим кабыл алууда маалымат (информация) өзгөрбөсө, статикалык маселе деп, ал эми чечим кабыл алууда информация өзгөрсө, башкача айтканда информация кабыл алынса жана берилсе д инамикалык маселе деп аталат. Динамикалык эсепте чечим кабыл алуу бир нече этаптан («көп кадамдуу чечим») же убакыт боюнча үзгүлтүксүз процесстен турушу мүмкүн. Демек 0. и-нүн динамикалык маселелер теориясынын көпчүлүгү динамикалык программалоо эсептерине тиешелүү. 0. и-нүн айрым маселелери гана анализдик жол менен, бир азы жөнөкөй сандык ыкма менен чыгарылат. Ошондуктан 0. и-нүн мындан ары өнүгүшү электрондук эсептегич техниканын прогрессине байланыштуу.
Ад.: Вагнер Г. М. Основы исследования операций / Пер. с англ. Т. 1-3. М., 1972-73.