ОПЕРАТОРДУК СИСТЕМА
ОПЕРАТОРДУК СИСТЕМА - комплекстик программа; компьютердин (ЭЭМдин) эс тутумунда сакталып, пландоону (божомолдоону) автоматташтыруу, маалыматты (информацияны) иштетүү процессин уюштуруу, аларды киргизүү жана чыгаруу, ресурстарды бөлүштүрүү, программаны даярдоо жана түзөтүүгө арналат. 0. с. эсептөө системасынын ресурстарын пландап, аларды сырткы чөйрө менен өз ара байланыштырат. Техникалык каражаттардын ондуулугун ыкчам көзөмөлдөө менен бузук кенемтелерин жөндөгөндөн кийинки көрсөткүчтүн негизинде иштетүү процессинде түзөтүп ондоону уюштурат. Бул функцияны супервизор ишке ашырат. 0. с. ушундай эле программаларды тейлөө (алынган көрсөткүчтөрдү көчүрүү, көрсөткүчтөрдү алып жүргүчтөрдү даярдоо, тексттерди редакциялоо ж. б.) транцляторлор, жүктөгүчтөр (программаларды оперативдик эс-тутумга жүктөөнү жана аларды аткарууга даярдоо), программаларды сорттоо ж. б.