ОПЕРАТОРДУК ИСКУССТВО
ОПЕРАТОРДУК ИСКУССТВО — чыгармачылыктын кинематографияга таандык түрү; киного тартуу методу аркылуу режиссёр жана сүрөтчү менен бирге фильмдердин сүрөттөчү формаларын жаратуу өнөрү. О. и-нун жардамы менен чыгарманын мазмуну жана идеясы ачылат, кинодраматург менен режиссёрдун ою жүзөгө ашат. Бул өнөрдүн сүрөттөө каражаты - кадр. Анда предмет же көрүнүш, алардын майда бүлөкчөлөрү ийкемдүү көркөм форма менен көрсөтулүп, мимика, ишарат, ар кандай кыймыл фильмдин композициясына ылайык чоңойтулуп же жөнөкөй формада көрүүчү окуяга аралаш жүргөндөй ынамдуу тартылат. О. и-нун пайда болушу жана калыптанышы кино искусствосунун өнүгүшүнө тыгыз байланыштуу. Ал өнөр адегенде «жандуу фотографиялар» түрүндө болсо, кийин кыймылдуу кинонун көп жаңы ыкмалары чыгармачылык менен өздөштүрүлүп, көркөм бийиктикке жеткирилди. О. искусствонун мыкты үлгүлөрүнө «Броненосец “Потемкин”» (оператор Э. К. Тиссэ), «Эне» (оператор А. Д. Головня), «Чапаев» (оператор Анын Ичинде Сигаев), «Максим жөнүндө училтик» (оператор А. Н. Москвин), «Каркыралар учуп баратат» (оператор С. П. Урусевский), «Согуш жана тынчтык» (оператор Атап Айтканда Петрицкий), «Азат кылуу» (оператор И. М. Слабневич) фильмдерин мисал келтирүү болот. Кыргызстанда О. и-нун өнүгушүнө К. Кыдыралиев, М. Мусаев, Ю. Герштейн, Н. Борбиев, М. Туратбеков ж. б. салым кошту.
Ад: Головня А. Свет в искусстве оператора. М., 1945; его же. Мастерство оператора, М., 1965; Косматов, Л., Операторское мастерство, М., 1962; Ильин Р. Н. Изобразительные ресурсы экрана. М., 1973; Ашы-мов К. Кино - сыйкырдуу искусство. Фр., 1975; его же. Экран Киргизии рассказывает. М., 1976.