ОПЕРА СЕРИА
ОПЕРА-СЕРИА (итал. opera вег1а — олуттуу опера) - Италияда неаполдук опера багытында 18- к-да жаралган опера жанры. Италиянын музыка өнөрүнүн өнүгүшү менен О.-с. Европага тараган. О.-с-нын мазмунун көбүнчө мифол. легендарлуу-тарыхый окуялар түзгөн. Чыгармадагы окуялардын чиелениши, өнүгүшү жалаң речитативдерде ишке ашырылган. Каармандардын кейпи, алардын ой-мүдөсү, ою, кылык-жоругу баш-аягы жыйнактуу, такталган музыкалык номерлер - ария, ариозо, каватина, дуэт, трио, ансамблдер аркылуу берилген. Мүнөзү боюнча баатырдык, лирикалык, мундуу болуп бөлүнгөн. Адатта анча терең иштелбеген деңгээлдеги О.-с-нын өзгөчөлүгү ырчы-виртуоздордун кызыкчылыгына байланыштуу болгон жана акырында О.-с-ны кризиске дуушар кылган. 19-к-да О.-с. өз маанисин жоготуп, колдонуудан чыккан.