ОПЕРА БУФФА
ОПЕРА-БУФФА (итал. buffa - күлкүлүү опера) - комедиялык опера түрү. О.-б. 18-к-дын 30-жылдарында калыптанган. О.-б.-га чакан масштаб, 2-Зтөн ашпаган каармандары,. көңүлдүү, көбүнчө күлкүлүү сюжет, жөнөкөй, эсте каларлык обон-күү колдонуу мүнөздүү. О.-б-дагы окуянын өнүгүшү речитативде ишке ашырылса, ал эми каармандардын ички сезимин, алардын мүнөзүн ачуу ария, ариозо, каватина ж. б. менен ишке ашырылган. О.-б. мыкты үлгүсү - Ж. Россининин «Севильялык чач-тарач» операсы ж. б.