ООРУКАНА
ООРУКАНА - оорулууларды жаткырып дарылоочу медициналык мекеме. Калкка акысыз (милдетүү медициналык камсыздандыруу программасынын негизинде) жана акы төлөнүүчү стационардык жогорку адистештирилген медициналык жардам берилет. Эгер поликлиника менен бирге болсо, амбулатория - поликлиникалык жардам көрсөтүлөт. Аткарган кызматы жана администрациялык баш ийүүсү боюнча респ., обл., шаардык, райондук О-лар болот. Балдарга стационардык жардамды балдар 0-сында же райондук 0-нын балдар бөлүмүндө; төрөткө жардам төрөт үйлөрүндө же бөлүмдөрүндө берилет. Көрсөткөн жардамдын көлөмүнө жана көп түрдүүлүгүнө жараша көп профилдүү жана адистештирилген 0. бар. Көп профилдүү 0-нын курамында жүрөк, кан тамыр, өпкө, нерв ж. б. органдардын ооруларын дарылоочу адистештирилген бөлүмдөрү болот. Адистештирилген О-га жугуштуу оорулар, психиатрия, көз оорулар, туберкулёз, травматология ж. б., ошондой эле стационардык адистештирилген диспансерлер (тери-венерол., туберкулёзго каршы, наркол., эндокринол.) кирет. О. медициналык ЖОЖдун же ИИИнин базасы болсо клиникалык О. деп аталат. О-да кабыл алуу, күчөтүлгөн терапия жана реанимация, диагноз коюучу (рентген, функциялык диагностика, эндоскопия ж. б.), патол.-анатомиялык бөлүмдөр, лабор., дарылоочу (операция блогу, физиотерапия, нур менен дарылоо, гемодиализ ж. б.) бөлүмчөлөр, аптека ж. б. болот. Аны башкы врач башкарат, бөлүмдөрүн бөлүм башчылар жетектейт.