ООРУКАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ООРУКАНА - оорулууларды жаткырып дары­лоочу медициналык мекеме. Калкка акысыз (милдетүү медициналык камсыздандыруу программасынын неги­зинде) жана акы төлөнүүчү стационардык жогор­ку адистештирилген медициналык жардам берилет. Эгер поликлиника менен бирге болсо, амбулатория - поликлиникалык жардам көрсөтүлөт. Аткар­ган кызматы жана администрациялык баш ийүүсү боюнча респ., обл., шаардык, райондук О-лар болот. Балдар­га стационардык жардамды балдар 0-сында же райондук 0-нын балдар бөлүмүндө; төрөткө жардам төрөт үйлөрүндө же бөлүмдөрүндө бе­рилет. Көрсөткөн жардамдын көлөмүнө жана көп түрдүүлүгүнө жараша көп профилдүү жана адис­тештирилген 0. бар. Көп профилдүү 0-нын ку­рамында жүрөк, кан тамыр, өпкө, нерв ж. б. органдардын ооруларын дарылоочу адистеш­тирилген бөлүмдөрү болот. Адистештирилген О-га жугуштуу оорулар, психиатрия, көз оору­лар, туберкулёз, травматология ж. б., ошондой эле стационардык адистештирилген диспансерлер (тери-венерол., туберкулёзго каршы, наркол., эн­докринол.) кирет. О. медициналык ЖОЖдун же ИИИнин базасы болсо клиникалык О. деп аталат. О-да кабыл алуу, күчөтүлгөн терапия жана реанима­ция, диагноз коюучу (рентген, функциялык ди­агностика, эндоскопия ж. б.), патол.-анатомиялык бө­лүмдөр, лабор., дарылоочу (операция блогу, фи­зиотерапия, нур менен дарылоо, гемодиализ ж. б.) бөлүмчөлөр, аптека ж. б. болот. Аны башкы врач башкарат, бөлүмдөрүн бөлүм башчылар же­тектейт.