ООРДУК КҮЧҮ
ООРДУК КҮЧҮ - Жердин тартуу күчүнөн жана Жердин айлануусунан пайда болгон борбордон четтөөчү күчтөргө тең аракеттенүүчү күч. Борбордон четтөөчү күч Жердин экваторунда эң чоң маанисине жетет. Ошондой болсо да ал экватордо 0. к-нүн 1/288 үлүшүн гана түзөт. Ошондуктан жердин бетиндеги О. к. негизинен жер бетинин формасына жана өлчөмүнө көз каранды. Жердин берилген чекитине коюлган тик
сызык 0. к-нүн ошол орундагы багытын аныктайт. 0. к. жер бетине тик жана чондугу т&ге барабар (т - тартылуучу нерсенин массасы, £ ~ О. к-нүн ылдамдануусу). О. к. туруктуу күч талаасын түзөт.