ООГАМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ООГАМИЯ - формасы, көлөмү, кыймылы жа­гынан кескин айырмаланган гаметалардын уруктануу убагында бири-бирине кошулушуп, зиготаны пайда кылуучу жыныс процессинин бир түрү. Ургаачы гаметалар - чоң кыймылсыз шапалаксыз энелик клеткалар. Эркек гамета­лар (сперматозоид) кичирээк - бир же бир нече шапалакчалуу (кээде жок), кыймылдуу болот. О. көп клеткалуу жандыктарга жөнөкөй жана татаал түзүлүштүү өсүмдүктөргө мүнөздүү.