ОНТАРИО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОНТАРИО (ирокез тилдеринде оша1а по - кооз) - Түндүк Америкадагы Улуу көлдөрдун бири. АКШ менен Канаданын аймагында. Узундугу 310 км, жазы­лыгы 90 кмге чейин. Аянты 10,5 миң км2. Те­рендиги 236 мге чейин. Өзүнүн суу чогултуучу аянты 90 миң км2. Ниагара д. аркылуу жогору жайгашкан көлдөрдөн суулар куюп, О-дон Ыйык Лаврентий д. (Атлантикага чыгуучу кеме каттайт) агып чыгат. О. көлү кеме каттоочу ка­налдар аркылуу Эри көлү (Уэлленд каналы), Гуд­зон д. (Осуиго жана Эри каналдары) менен байланы­шат. Декабрдан майга чейин тонот. Негизинен түзөң жана булуң-буйткасыз жээктеринде Торон­то, Гамильтон, Кингстон (Канада), Рочестер (АКШ) ж. б. ири шаарлар жана порттор жайгашкан.