ОН ОК БУДУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОН ОК БУДУН («онуруу», «он уруудан турган эл, калк») - 5-8-к-да Теңир-Тоо жана ага жакын аймактарда жашаган батыш түрк урууларынын жалпы аталышы. Алгач Орхон жазуу эстелик­теринде кезигип, Кытай тарыхый даректерин­де беш уруу дулу жана беш уруу нушиби катары берилген. В. В. Радлов ж. б. окумуштуулар бай­ыркы түрк тилинде «ок» («ог») «эне» деген сөздү билдирип, бир энеден тараган уулдар («огул») О. о. б. аталганын көрсөтсө, айрымда­ры (О. Прицак) жаанын жебесине («ок») байла­ныштырган. 0. о. б-га кирген уруулар негизи­нен карлук жана огуз (же огуз-түркмөн) тилинде сүйлөшкөн. 5-9-к-га тиешелүү орхон жана талас жазууларынын тили да (хакас тилине кирген­дерди кошпoroндо) ушул тил тобуна жакын. Ошондуктан көпчүлүк окумуштуулар Теңир-Тоо (Талас, Памир-Алай, Кочкор ж. б.) жазууларын О. о. б. урууларынын мезгилине тийиштүү деп белгилешкен.

Ад:. Радлов В. В. Этнографический обзор тюркских племен Сибири и Монголии. Иркутск, 1929; Абрамзон С. М. К семантике киргизских этнонимов// СЭ. 1946. № 3; Петров К. И. Очерк происхождения киргиз­ского народа. Ф., 1963.