ОМСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМСК - Россиядагы ири шаар. Омск облусунун администрациялык борбору. Иртышка Омь д. куя бериштеги порт. Калкы 1,1 миллион (2010). Ири жолдор тоому. Транссибирь магистралындагы т. ж. түйүнү. Эки аэропорту бар. Учурда Сибирдин ө. ж., транс­порт, маданий жана илимий борбору. Машина куруу жана металл иштетүү (өндүрүш бирикмелери: «Полёт», «Сибирьприборлору жанасистемалары», «Омсктрансмаш»), нефть ажыратуу, нефть-химиялык («Омскийкаучук», «Омскшина», «Омскагрегат», «Завод техническoro углерода» ААКтары, «По­листрол» ЖАКы), жеңил, жыгаччылык, тамак­аш (пиво кайнатуу, эт комбинаты), авиа-кос­мос ө. ж. ишканалары иштейт. О-де 28 ЖОЖ

[анын ичинде Омск университети (1974-жылы уюшулган), филиал­дар жана 14 мамлекеттик], китепканалар (анын ичинде атайын азиздер үчүн), сүрөт галереясы, край таануу жана сүрөт иск-тво музейлери, 4 театр (музыкалык, ку­урчак ж. б.), филармония, цирк бар. Шаар 1716- ж. негизделген. 1782-жылы чейин Омск абагы. О. 1808-1917-жылы Сибирь казак-орус аскерлеринин администрациялык борбору болгон. 1782-97- жана 1804-жыл­дан шаар. 2003-жылдан жыл сайын агрардык-техникалык «Агро-Омск» көргөзмө-жармаңкеси өткөрүлүп турат. Төрт ЖЭБ иштейт.

Ленин атындагы көчө.