ОМОР ХАН
ОМОР ХАН (1785-1822) - Кокон хандыгын башкарган хан. Нарбото бийдин баласы. 1809-жылы Кокон ханы, бир тууганы Алим ханды өлтүрүүгө катышып, такка отурган. О. х. динге такыба, ыр жазууга жөндөмдүү, илим жана маданиятты баалаган. Бухара хандыгы менен ынтымагын бекемдеп, түштүк кыргыздарды багындыруу үчүн жортуулдарды күчөткөн. Түндүк Кыргызстанга да элчи жиберип турган. 1816-жылы Түркстан ш. жана СырДарыянын төмөнкү агымы кокондуктарга өткөн. 1821-жылы Касан шаарынын акими Бекназарды Ош менен Кашкардын аралыгын жердеген сарыбагыш уруусуна каршы аттандырган. Ошол эле жылы кетмен-төбөлүк кыргыздар да багынган. О. х-дын тушунда Кокон хандыгы кандайдыр бир деңгээлде социалдык-экономикалык, саясий жактан чындала баштаган. Кокон ш. кеңейип, мечит, медресе, кербен-сарай ж. б. коомдук турак жайлар көбөйгөн жана акча реформасы жүргүзүлгөн.