ОМ ЗАКОНУ
ОМ ЗАКОНУ — электр чынжырындагы I ток күчу менен анын учундагы П чыңалуунун ортосундагы көз карандылыкты аныктоочу закон:
I = И/Я, (1)
мында К - өткөргүчтүн каршылыгы. Ток күчү чыңалууга түз, өткөргүчтүн каршылыгына тескери пропорциялаш. О. з-н 1826-жылы С. Г. Ом гя- кан.
Жалпысынан I менен П нун арасындагы көз карандылык сызыктуу эмес, бирок иш жүзундө чыңалуунун белгилүү интервалында бул көз карандылыкты сызыктуу деп эсептеп, ага 0. з-н колдонсо болот. (1) формула менен туюнтулуучу 0. з. чынжырдын берилген бөлүгүндө ЭККнын булагы жок учуру үчүн туура (1-сүрөт). Мындай булактар бөлүктө (аккумулятор, термотүгөй, генератор ж. б.) болгондо, О. з-у түрүнө ээ, мында
1=(У+е.)/П (2)
К=В/+г.
е - чынжырдын каралып жаткан бөлүгүндөгү бардык булактардын ЭККсынын суммасы (2- сүрөт). В. - участканын толук каршылыгы, /?/- участканын булактардан башка бөлүгүнүн каршылыгы; г - участкадагы булактардын каршылыктарынын суммасы. Туюк чынжыр үчүн 0. з.:
I = е /г, (3)
мында г=К+г. - чынжырдын сырткы жана ички бөлүктөрүнүн каршылыктарынын суммасы. Тармакталган чынжырга жалпыланып колдонулуучу 0. з-у Кирхгофтун экинчи эрежеси деп аталат.
0. з-нун өткөргүчтүн каалаган кесилиши үчүн токтун тыгыздыгы менен электр талаасынын толук чыңалышын байланыштыруучу дифференциалдык формада жазууга болот:
/ = (Е + Ечет)/р же ] =у(Ё + Ёчет) (4), мында р - өткөргүчтүн материалынын салыштырма каршылыгы, ү=1/р - өткөргүчтүн электр өткөрүмдүүлүгү, Е+Ечет~ өткөргүчтүн ичинде зарядка аракет эткен талаанын толук чыңалышы.
0. з. комплекстик формада синусоидалык квазистационардык токтор үчүн да жарактуу:
2 • 1=е (5)
мында 2 - толук комплекстүү каршылык: г=г+1х, г - активдүү каршылык, х - өткөргүчтүн реактивдүү каршылыгы. Жыштыгы И болгон квазистационардык токтун чынжырында £ индукциялуулук жана С сыйымдуулук болсо, х төмөнкү мааниге ээ болот:


