ОМАРЛАР
ОМАРЛАР (Ношапйае) - он буттуу рактардын тукуму. Узундугу 60 см, кээде андан да ашат. Салмагы 15 кгга чейин. Сыртынан өзөн рактарына окшош. Алдынкы эки бутунда чон, күчтүү - кийинки эки жуп бутунда кичирээк кыпчуурлары бар. Курсагы узун келип, жазы куйрук желпүүр болуп бүтөт. Күндүз жашынып жатат, омурткасыздар менен азыктанат. 5 жылда жыныстык жактан жетилет. 50 жылга чейин жашайт - 36 түрү жылуу жана мелүүн деңиздерде кездешет. Америка, норвегия жана европа О-ы кеңири таралган. Мароккодо тамак катары пайдаланылат.