ОЛИНФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

0ЛИНФ — Халкидика ж. а-ндагы байыркы грек шаары. Урандылары азыркы Салоникиден (Грекия) 50 км түштүктө. Биздин заманга чейинки 8-6-к-да Эв­бея а-ндагы Халкида шаарынан келгендер негизде­генетикалык Биздин заманга чейинки 432-жылдан Халкида шаарлар сою­зунун борборуна айланган. Олинф согушунан (биздин заманга чейинки 349-348) улам аны Македония падыша­сы Филипп II караткан. Ал талкалап өрттөгөн соң, калыбына келтирилген эмес. 1928-жылы америкалык археологдор казуу иштерин жүргүзүп, неолитке таандык турак жай калдыктарын, ар кыл түс­төгү мозаика жана тиричилик материалдарын тапкан.