ОЛИГОХЕТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛИГОХЕТТЕР (О11цосйае1а) - муунак курттар тибинин классы. Узундугу 1 жлден 2,5 ляге чейин. Сег­менттеринин саны 5-7ден бООгө жетет. Жыш түктүүлөргө караганда түктөрү аз. Алар каптал­дарында ар бир сегментте 2ден топ болуп жай­гашкан. Сезүү органы жок. Сууда жашаган кээ бир формаларынын көзү болот. 25-27 тукуму, 5 миңге жакын түрү бар. Жер жүзүнүн бардык аймагында таралган. Көпчүлүгү топуракта же тузсуз сууларда, 200дөй түрү деңизде жашайт. Алардын детритофагдары, жырткычтары жана мителери да бар. Гермофродиттер. Жыныс орган­дары бир нече сегменттеринде жайгашкан. Жыныс жана жыныссыз жол менен көбөйөт. Топу­ракта жашоочулары гумус пайда кылып, топу­рактын күрдүүлүгүн жогорулатууга катышат. Сууда жашоочулары жалпы бентостун негизин түзүп, кир суунун өзүн-өзү тазалоосуна жардам берет. Балыкка жем.