ОЛИВИН
ОЛИВИН (латынча оИча - зайтун) п е р и д о т, хриазолит - оливин тобундагы минерал. Жалпы силикаттар классына кирет жана тоо тек пайда кылат. Магний менен темирдин силикатынан турат. Химиялык формуласы М§Ге2(ЗЮ4). Ромб системасында кристаллданат. Өңү сары, жашыл сымал, кээде түссүз, айнек сымал жалтырак. Зергерликте тунук хризолит жана перидот колдонулат. Жарык көбүнчө кырлары аркылуу өтөт. Катуулугу 6,5-7. Салыштырма салмагы 3,3-3,5. Морт. Кристаллдары өтө сейрек. Магмадан пайда болот (ультранегиздүү жиреп чыккан тоо тектин, таш метеориттердин негизги минералы). Магнезиялуу О. (форстерит) карбонатиттер менен магнезиялуу байланышкан тоо тектер - скарндарга мүнөздүү. О-дин курамында магма тоо тектери алмаз, платина, хромит, никель, титандуу магнетит бар. О-дин тунук кристаллы - хризолит кымбат баалуу асыл таш катары пайдаланылат. Антика доорунан Кызыл деңиздеги Зебергед а-нда алынат. Ошондой эле Мьянма, Бразилия, Россия (Якутия), АКШда (Түндүк Каролина штаты) кезигет.