ОЛЕФИНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛЕФИНДЕР,алкендер­ачык чынжыр­луу, молекуласында бирден кош байланышы бар каныкпаган углеводороддордун гомол. катары, жалпы формуласы СпН2п. Ациклдүү бирикмелер­ге кирет. Эң жөнөкөй өкүлү - этилен СН2=СН2, кээде алар этилен углеводороддору деп аталат. 18-к-да этилен менен хлордун реакцияга кири­шинен май сыяктуу суюктук (дихлорэтан) алын­ган. Ошондуктан голландиялык окумуштуулар этилен­ди олефин, ал эми жалпы бул класска тиешелүү бирикмелерди олефиндер деп аташкан. Женева номенклатурасы боюнча О-дин аты тийиштүү ка­ныккан углеводороддордун атындагы -ан мүчөсү -ен менен алмаштырылып, кош байланыштын орду сан менен көрсөтүлөт. Мисалы, этан этен, про­пан—>пропен, бутан->бутен-1 (СН=СН-СН2-СН3) жана бутен-2 (СН3-СН=СН-СН3). Ошондуктан аларга алкендер деген жалпы ат берилген. Бу­тенден баштап катарда структуралык изомер­лер башталат. Физикалык касиети жагынан канык­кан углеводороддордон айырмасы азыраак. С2Н4төн С4Н8ге чейинки О. - газ. С18Н36га че­йин - суюктук, андан кийинки өкүлдөрү - ка­туу заттар. Алар сууда эрибейт, углеводороддор­до жана эфирде жакшы эрийт. Алкандардан айыр­маланып, химиялык реакцияга активдүү кирет. Алар­га кошуп алуу, полимерленүү реакциялары мүнөздүү. 0. кош байланышына галогендерди, галогендүү суутектерди, сууну оңой кошуп алат. Окистендирүүдөн гликолдор (этиленгликоль ж. б.) пайда болот. 0. оңой сополимерленет жана баалуу заттарды (полиолефиндер, полиэти­лен, полиизобутилендер ж. б.) берет. О. - эл чарбасы үчүн керектүү заттарды алууда негиз­ги баштапкы заттар. Ошондуктан алар көбүн­чө синтез жолу менен, ө. ж-да алкандарды кре­кингдөө жана дегидрлөөдөн ж. б. жолдор менен алынат. 0. нефтихим. синтезде, пластмасса, син­тездик каучук, химиялык булалар ж. б. заттарды алууда кеңири колдонулат.