ОКУТУУ
ОКУТУУ — окуучуларды билим алууга, аны өздөштүрүүгө үйрөтүүнүн, жашоого жана эмгекке даярдоонун негизги жолу. О. процессинде билим берүү жана тарбиялоо ишке ашырылат. Билим алуу окуу жайларда гана эмес, үй-бүлөдө, үй-тиричиликте, өндүрүштө ж. б. жерлерде да жүргүзүлөт. Билимди өз алдынча алууга да болот. 0-нун мазмуну жана мүнөзү коомдун материалдык жана маданий өнүгүшүнүн деңгээлине жараша аныкталат. Коомдун өнүгүшүнүн ар кандай этаптарында 0-нун максаты менен методдору коомдук мамиленин өнүгүшүнө жараша өзгөрүп турат. 0. методу негизинен мугалимдин жана окуучулардын аракеттерине - лекция, адабий чыгарма, окуу китеби боюнча иштөө, тажрыйба жүргүзүү, көрсөтмө курал колдонуу, көнүгүү жасоо ж. б. заманбап техникалык каражаттарга жараша мүнөздөлөт. 0. - жекече, класстык, курстук, семинардык, лекциялык ж. б. багыттарда жүргүзүлөт, к. Окутуу методикасы.
Ад.: Скаткин М. Н. Совершенствование процесса обучения. М., 1971.