ОКТЯБРЬ (Алай р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКТЯБРЬ, Жору-Уруу - Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Будалык айыл аймагына караштуу. Будалык суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1960 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 101 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 1000 (2008); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.