ОКСФОРД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКСФОРД - Улуу Британиядагы байыркы шаар. Калк арасында «студенттер шаары» деп аталат. Темза д-нын боюнда, Англиянын түштүк- чыгышында жайгашкан. Оксфордшир графты­гынын администрациялык борбору. Калкы 146,7 миң (2010). Автомобиль кураштыруу, полиграфиялык ө. ж. ишкана­лары, үстү жабык базар иштейт. Оксфорд университети (1117-жылы; дүйнөдөгү англис тилиндеги эң мурда­гы, неоготика жана классика стйлинде), коллеж (14-19), Ашмоламузейи (1683) бар. Алгач 912- жылдан эскерилет. Эски университет шаарчасы (12- к-да негизделген), Бэсттин музыкалык аспаптар кол­лекциясы сакталган. Соңку роман стилиндеги собор (12-к.), роман жана готика стилиндеги чиркөөлөр (13-15-к.), Бодлеан китепканасы (1598, фондунда 6 млнго жакын китеп бар), университет коллеждеринин архитектуралык (1458) ансамбли шаарды өзгөчөлөнтүп турат. Ботаникалык бак уюшту­рулган.