ОКСИУРОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКСИУРОЗ (Охуигозгз) - сыңар туяктуу мал­дын (жылкы, эшек) инвазиялуу ылаңы. Охуиыз уруусундагы жумуру курт пайда кылат. Ылаң козгогуч курт (эркегинин узундугу 6-19 мм, ургаачы­сыныкы 24-180 мм) жоон ичегиде мителейт. Ылаң тоют менен кошо инвазиялуу жумурткалар­ды жегенде, куйругунун кычышкан түбүн тиши менен кашыган кезде ж. б. жугат. Ылаңдын бел­гилери: жылкынын денесинде кычыткы пайда болот, куйругунун түбүн көрүнгөн нерсеге сүрүп, кашый баштайт, жүнү түшүп, дерматит болот, ичегинин иштеши бузулат, арыктай баштайт. Дарылоодо төрт хлорлуу углерод, тимол, тиа­бендазол берилет.