ОКСИДОРЕДУКТАЗАЛАР
ОКСИДОРЕДУКТАЗАЛАР - окистенүү-калыбына келүү реакциясын катализдөөчү ферменттер классы. Окистенүүчү тобунун мүнөзүнө жараша төмөнкүдөй классчаларга бөлүнөт: спирт, альдегид (же кетон) жана этилен тобуна таасир этүүчүлөр. О. бардык тирүү клеткаларда болуп, аларды энергия менен камсыз кылууда (к. Биологиялык кычкылдануу) маанилүү роль ойнойт. 0-дын негизги өкүлдөрү окистенүү механизмине жараша: дегидрогеназалар, оксидазалар, пероксидазалар ж. б. болуп айырмаланат. Эки жүздөн ашык О. белгилүү.