ОКЛЕНД
ОКЛЕНД - Жаңы Зеландиядагы ири шаар. Өлкөнүн ири ө. ж. борбору (өлкөдө өндүрүлгөн ө. ж. продукциясынын ^/зИне жакыны чыгарылат). Түндүк а-нда; Окленд ж. а-н Түндүк а-нын негизги бөлүгү менен байланыштыруучу мойнокто жайгашкан. Тынч океандын Хаураки булуңундагы порт. Калкы 422,0 миң (2010; шаар айланасы менен 1,4 миллион). Эл аралык аэропорту бар. Т. ж. бекети. Өлкөнүн ири экономикалык борбору. Машина куруу (транспорт, а. ч. жана электр-техникалык), металл иштетүү, тамак-аш (сүт, эт), текстиль, химиялык, жыгаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, сүрөт галереясы, меланезиялык миссионерлер музейи бар.