ОКЛАДНИКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКЛАДНИКОВ Алексей Павлович [20. 9 (3. 10). 1908, Россия, Иркутск губерниясы, Верхоленск уезди, Константинов кыш. - 18. 11. 1981, Ново­сибирск ш.) - археолог, тарыхчы жана этнограф. СССР ИАнын академиги (1968), Социалисттик Эмг. Баа­тыры (1978), Якут АССРинин (1956), РСФСРдин (1957), Бурят АССРинин (1968) илимге эмг. сиң. ишмери. 1927-34-ж. Иркутск край таануу му­зейинде бөлүм башчы, 1938-61-ж. СССР ИАнын Археология институтунун Ленинград бөлүмүндө илимий кызматкер, 1961-62-ж. СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн ЭИсине караштуу гуманитардык изилдөө бөлүмүнүн башчысы, 1962-66-ж. Ново­сибирск мамлекеттик университетинде профессор, кафедра баш­чысы, 1966-79-ж. СССР ИАнын Сибирь бөлү­мүндө (Новосибирск) Тарых, филология жана фи­лософия институтунда директор, 1979-81-ж. «Лите­ратурные памятники Сибири» сериялуу китеп­тин редколлегиясын жетектеген. Сибирь, Ы. Чы­гыш, Орто Азия жана Моңголияда археол. изил­дөөлөрдү жүргүзгөн. Кыргызстандагы археол. изил­дөөлөр боюнча эмгектери бар. «Кыргыз ССР тарыхы­нын» байыркы мезгилинен 13,-к-га чейинки бө­лүгүн жазган. Британия академиясынын мүчө

корреспонденти (1962), Сталиндик (1950), СССР­дин Мамлекеттик (1973) сыйл. лауреаты.

Эмг. Петроглифы горного Алтая. Новосиб., 1980 (авторлош); Петрографы Чанкыр-Кёля. Новосиб., 1981 (авторлош); Петроглифы урочища Сары-Сатак. Новосиб., 1982 (авторлош); Археология Северной, Центральной и Восточной Азии. Новосиб., 2003.

Ад.: Ларичев В. Е. Сорок лет среди сибирских древ­ностей. Материалы к биографии академика А. П. Ок­ладникова. Аннотированная библиография. Новосиб., 1970.