ОК ЖЫЛАН
ОК ЖЫЛАН (РэашторЫв Ипео1а1и8) — суу жыландар тукумундагы сойлоочу жаныбар. Денеси ичке, узундугу 90 слгге жетет. Түрпүсү жылма.

Түсү боз, жонунда узунунан кеткен 4 чийини бар. Оозу кичине, уулуу тиштери үстүнкү жаактарынын арт жагында жайгашкан. Ошондуктан анын уусу майда жаныбарларды ууландырат. Көбүнчө Борбордук жана Батыш Азияда таралган. Кыргызстанда Ысык-Көл ойдуңу, Чүй жана Фергана өрөөндөрүндөгү чөлдүү, чополуу, кумдак, таштуу, жапыз бадалдуу жерлерди мекендейт. Күн жылуу учурда (күндүз) активдүү келет. Күздө чээнге кирет. Көбү чээнден апрелде чыгат. 2-6 жумуртка тууйт. Курт-кумурска, майда кескелдирик жана чычкандар менен азыктанат.