ОКЕАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКЕАН, Дүйнөлүк океан (грекче океапбз - Океан, Жерди айланып аккан улуу дарыя) - Жердин туташ суу катмары. Гидросферанын басымдуу бөлүгүн (94%) жана жер бетинин 70,8% ин ээлейт. Аянты 361,1 миллион км2 (көлөмү 1340,74 миллион кл«3). О-дын орт. терендиги 3709 м, эң терең жери - 10 994 м (Тынч океандагы Ма­риана кобулу; 2009). О. атм. жана жер бети менен тынымсыз өз ара аракетте болот. 0. - күн жы­луулугу менен нымдуулуктун зор аккумулятору. Анда дүйнөдөгү нымдын 96,5% и топтолгон. Анын таасиринен Жерде температуранын кескин өзгөрүүсү жымсалданып, кургактыктын көп аймагында жаан-чачын пайда болуп, тиричи­лик үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. О. - азык­түлүктүн өтө бай булагы. О. жана анын деңизде­ри аркылуу илгертен эле элдер бири-бири менен байланышып келген. Бул Географиялык улуу ачылыштарга жана прогресстин өөрчүшүнө өбөлгө түзгөн. Азыр дүйнөлүк жүк ташуунун */5 бөлүгү О. аркылуу жүргүзүлөт.

Физикалык-географиялык өзгөчөлүгүнө карай Дүйнөлүк О. айрым океандарга, деңиздерге, булуңдарга, кы­сыктарга бөлүнөт. Дүйнөлүк океан 4кө (к. Тынч океан, Атлантика океаны, Инди океаны, Тундук Муз океаны) ажыратылат. Чет элдик адабияттарда бешинчи О. - Туштук океан өз ал­дынча бөлүнүп каралат.

О. түбүнүн басымдуу бөлүгү (73,8%и) 3000 жден 6000 мте чейинки тереңдиктерде жатат. Мате­рикте туташ жаткан анын чет жакасы релье­финин өзгөчөлүктөрүнө жараша шельф, мате­рик капталы жана материк этеги болуп бөлүнөт. Бардык О-дар аркылуу суу астында О. аралык

Тынч океандагы Гавайи аралдарынын жээги.

кырка тоолордун системасы созулуп жатат. Бул тоолордун рельефине риф өрөөндөрү, аларды кыркалай жаткан риф тоолору, туурасынан кеткен жаракалар жана ири жанартоо массивде­ри (мисалы, Азор а.) мүнөздүү. Геол. изилдөөлөрдүн жана сейсмдик зонддоонун негизинде ныктал­баган чөкмө тектердин калыңдыгы 0-дын ма­териктерге чектеш зоналарында 2000-3000 лгден ашса, О. ортолук кырка тоолордо, тик каптал­дарда, материктик капталдардын тектирлерин­де ондогон метр экендиги аныкталган. О. тү­бүндөгү чөкмө тектер' терригендик, биогендик (акиташ тектүү, кремнийлүү), жанартоолук, аралаш (полигендик; аларга тереңдиктеги кы­зыл чополор кирет) чөкмөлөр болуп бөлүнөт. Деңиздик чөкмөлөргө караганда 0-дык чөкмөлөр жайыраак топтолот. Материктик капталдын терригендик зонасында чөкмөлөрдүн эң тез пайда болуусу катталган (көбүнчө миң жылда 100 мм жанаандан да калың). .О. чөкмөлөрүнүн негизги массасы материктерден келет.

Азыркы түшүнүк боюнча О. суусу - Жердин ман­тиясынын заттык бөлүнүшүнөн пайда болгон. О. ойдуңдарынын пайда болуусу жана анын эволюциялык багыттары жөнүндө түрдүү пикирлер бар: О. ойдуң­дары материктерден мурда пайда болуп, бирок, жер бетинин рельефинин калыптануусунда кичирейип, материктик кыртышка айланууда; 0. материктен кийин пайда болгон. Негизинен айрым фактылар «Плиталар тектоникасы» ат­туу 3-гипотезаны ырастайт. Ага ылайык жер кыртышы кыймылдуу плиталардан туруп, алардын чек арасында О. ортолук кырка тоо­лор жана терең кобулдар кездешет. 0-дын азыр­кы турпаты юра мезгилинен баштап калыптан­ган; андан байыркы тектер 0. таманынан табыла элек. Бор мезгилинде жана кайнозойдо О. андан ары терендеп, абиссалдык чөкмөлөр топтоло бер­генетикалык Кийинки мезгилде материктердин чет-жа­калары кеңейгендиги аныкталды. О-дын тама­нында рельефтин ири формаларынын пайда бо­луусунда жер кыртышынын вертикалдык жана горизонталдык кыймылдарынын мааниси зор.

0. суусунун жылдык орт. температурасы 17,5°С, ал эми 0. үстүндөгү абаныкы 14,4°С. Атм. цир­куляциянын таасиринен тропик жана субтропик кеңдиктерде суу агымдары антициклондук, ал эми мелүүн жана жогорку кендиктерде циклон­дук айланууларды пайда кылат. О. суусунда ара­лашуу процесси (молекулалык, турбуленттик, конвек­циялык) жүрүп, анын негизинде катмардан кат­марга гидрол. жана гидрохим. өзгөчөлүктөр өтү­шүп турат. О. кургактык сыяктуу эле арктика,

Океандагы чоң толкун.

субарктика, мелүүн, субтропик, тропик жана эк­ватор зоналарына бөлүнөт. Мындай кеңдик зоналуулук терендиги 150-200 м келген суу кат­марын камтыйт. О. суусу тик багыт боюнча бир нече зонага бөлүнөт.

Суунун орт. туздуулугу 35%они түзөт. О-да бар­дыгы болуп 5-1022г туз эритиндиси бар. Анын курамында Ма+, Мв2+, К+, Са2+, С1" жана 8О2"4 иондору басымдуу келип, туздун жалпы сумма­сынын 99% ин түзөт. 0-дын туз массасынын курамы эрүүнүн, материктен келген эритинди чөкмөлөрдүн, атм. менен О-дагы чөкмөлөрдүн (кар­бонат, силикат) алмашуу процесстеринин, ошондой эле деңиз организмдеринин тиричилигинин эсеби­нен жөнгө салынып турат.

0. минералдык ресурстарга бай. 20-к-дын 70- жылдарында деңиз суусунан кайнатма туз (жы­лына 8 миллион т), күкүрт кычкыл натрий, хлорлуу магний, хлорлуу калий, бром зор өлчөмдө өндүрүлүп алынчу. Азыркы кезде О-дан алын­ган минералдык сырьёнун жалпы баасынын 90%тен ашыгын нефть жана газ түзөт. Шельф­тин чегиндеги нефть-газдуу катмардын жалпы аянты 13 миллион км2. Нефтинин О-дагы болжолдуу запасы (305 м терендикке чейин) 280 миллиард т, газдыкы 140 триллион м3; анын нефтиге котор­гондогу потенциалдык запасы 1410 миллиард тны түзөт. 70-жылдардын башталышына чейин нефть менен газ 100-110 м тереңдикке, жээктен 150 км алыстыкка чейин гана өндүрүлгөн. 2006-жылы нефть менен газды деңизден ЗОга жакын өлкө казып алса, издөө-чалгындоо иштерин ЮОдөн ашуун өлкө жүргүзөт. Нефть менен газ Перс, Мексика булуңдарынын жана Түндүк деңиз­дин түбүнөн казылып алынат. Шельфтин тама­ны металл жана металл эмес чачынды кендерге да бай. Алардын ичинен титандуу минералдар - именит жана рутил, циркон жана моноцит (Авст­ралиянын чыгыш жээгинен; жылына 1 миллион тдан ашык титандуу минералдар), калай (Малайзия, Индонезия, Таиланд, Вьетнам, Япониянын жээк­териндеги шельфтерден), темир кенташтары (Япония, Ньюфаундленд), нукура күкүрт (Мек­сика), көмүр (Канада), алмаз (Африканын түштүк- батыш жээги; Намибия) ж. б. кендер казылып алынат. 0. таманында темир-марганецтин кон­крециялары (курамында никель, кобальт, жез бар көп компоненттүү өзгөчө кенташтар) зор аянттарды ээлейт. Алардын потенциалдык за­пасы бир нече триллион тта жетет; ал кенташтарда­гы марганецтин, никелдин, кобальттын запа­сы алардын кургактыктагы запасынан бир нече эсе көп. Нефть менен газдан сырткары башка энер­гетикалык ресурстарынан ташкындын (Фран­цияда, Ранстын чатында; кубаттуулугу жы­лына 800 миллион кВт-с ж. б.), толкундун күчү, О-дын термиялык энергиясы (Кот-д’Ивуар) пай­даланылып келет. О. оор суутектин (дейтерий) негизги сактагычы; эгерде термоядролук реак­цияны башкаруу проблемасы чечилсе, анда ал энергиянын түгөнгүс булагы болот.

Тирүү организмдер 0-дын бардык катмарла­рында жашайт. 0-дын органикалык дүйнөсү бентос (түпкүрдө), планктон (пассивдүү сүзүүчүлөр), нектон (активдүү сүзүүчүлөр) болуп бөлүнөт. Өсүмдүк дүйнөсүнүн 10 миң түрү бар. Алар неги­зинен 200-300 м тереңге чейинки үстүнкү кат­марда таралган. Жаныбарлардын 160 миндей түрү кездешет. О. — биол. ресурстардын ири бу­лагы. Ал дүйнөдөгү пайдаланылуучу жаныбар белогунун 12-15% ин жана жаныбар майынын 3- 4%ин берет. Промыселдик деңиз продуктусу­нун 90%ин балык. 5%ин түрдүү моллюскалар. 3%ин рак сымалдар, 1,5% деңиз өсүмдүктөрү түзөт. Деңиз жандыктарын эң көп уулаган өл­көлөр: Перу, Япония, Россия, Норвегия, АКШ,

Океандын суу астындагы түркүн дүйнөсү.

Индия, Тайланд, Испания, Дания, Канада, Ин­донезия, ТАР, Исландия ж. б.

Ад.: Истошин Ю. В. Океанология. Л., 1969; Физи­ческая география материков и океанов/Под редакциялык А. М. Рябчикова. М., 1988; Ерёмина В. А., Спря­линА. Н. Океаны. М., 1997; Залогин Б. С„ Кузминская К. С. Мировой океан. М., 2001; Пущаровский Ю. М. Тектоника Земли/Избр. тр. М., 2005. Т. 2.

Ө. Бараталиев.