ОКА
ОКА — Волганын он куймасы. Россиянын европ. бөлүгүндө. Узундугу 1500 км, алабынын аянты 2500 мин кл«2. Орто Орус дөңсөөсүнүн борбордук бөлүгүнөн башталат. Ири куймалары: Жиздра, Угра, Протва, Нара, Москва, Пра, Гусь, Клязьма (сол), Упа, Осётр, Проня, Пара, Мокша, Теша (оң). Бардык бөлүгүндө сайроондор кездешет. Негизинен кар (59% и), ошондой эле жамгыр сууларынан (20%тен ашыгыраак) жана жер астындагы суулардан (20% ке чейин) куралат. Орт. чыгымы чатында 1300 м3/сек, эң көп чыгымы чатына жакын 20 000 м?/сек. Апрелден июнга чейин суусу кирип, жайында жана кышында тартылат; күзүндө жамгырдан ташкындайт. Жогорку агымында ноябрь - январдын башталышында, төмөнкү агымында октябрь - декабрда тоңуп, март - май айларында муздан арылат. Серпухов шаарынан баштап туруктуу кеме каттайт. Нугу шлюздаланган. Балык кармалат. Жээгиндеги башкы шаарлары: Орёл, Калуга, Серпухов, Коломна, Рязань, Муром, Нижний Новгород (чатында). Ока бою - Тектирлүү коругу уюшулган.