«ОДИССЕЯ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ОДИССЕЯ» (Одиссейдин саякаты жөнүндөгү поэ­ма) - байыркы грек эпикалык поэмасы, автору Гомер делет. Биздин заманга чейинки 8-7-к-да жаралган деп болжолдуу эсептелүүчү «Илиададан» кийин пай­да болгон; гекзамер менен жазылган (12100дөй ыр сап). Салт боюнча «О.» «Илиададан» кийин жа­ралса да, ага танапташ, бирок анын түздөн түз уландысы эмес. Узак убакыт жер кезип, көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн Одиссей саргайып күтүп жүргөн жубайы Пенелопага таанылгыс болуп кайтып келет. Бул дүйнөлүк адабиятта кеңири тараган сюжет. Одиссейдин об­разындагы акылмандык, айлакер эпчилдиги, сактыгы анын баатырдыгын арткы планга коёт. «0.» «Илиадага» караганда турмуштук жана жомоктук материалдарга бай. «О.» орус ти­линде кара сөз менен 18-к-дын аягында, ал эми ыр түрүндө 1849-жылы В. А. Жуковскийдин, 1953-жылы В. В. Вересаевдин котормосунда жарык көргөн.