ОГУЗ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОГУЗ ТИЛИ - огуздардын тили (байыркы 5-8- к-да жана соңку 10-11-к-да). Азия, Түштүк- жана Чы­гыш Европа аймактарына тараган. Түрк тилде­рине кирет. Азыркы түркмөн, азербайжан, түрк (осмон), гагауз тилдерине бөлүнүп кетип, өз ал­дынча тил болуудан калган. О. т-ндеги жазма эстеликтердин байыркысына орхон жазмалары, соңкусуна Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат­ит-түрк» аттуу эмгеги кирет. О. т-нин (10-11-к.) фонетикалык, лексикалык, грамматикалык түзүлүшү кыпчак тилине жакын.