«ОГУЗ НАМЭ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ОГУЗ НАМЭ» («Угыз намэ») - байыркы түрк элинин ата-теги жана алардын түпкү атасы Огуз хан тууралуу эпикалык уламыш. «0. н.» о. кы­лымдарда жазылып, түрк, азербайжан, түркмөн, уйгур ж. б. элдердин кол жазма адабияттында сак­талып калган. Байыркы варианты (13-14-к.) карлук-уйгурларга таандык. Чыгарма фарсы та­рыхчысы Рашид ад-Диндин «Тарыхтар жыйна­гы», «Огуздар жана түрктөр, алардын бүт дүйнөгө бийлик кылышы», 17-к-да жашап өткөн Абу-л Газинин «Шежара-и-түрк» («Түрк элдеринин сан­жырасы») ж. б. эмгектеринде да чагылдырылат. 13-14-к. жазылган «О. н-нин» кол жазмалары Париждеги Улуттук китепканада сакталып, 19- к-да анын немисче котормосунун үзүндүсү жа­рыяланган. В. В. Радлов да жазып алып, кото­руп, түшүндүрмө берген. Айрым котормочулар жана окумуштуулар Огуз каган хунндардын па­дышасы Модэ шанүйдүн өзү деп болжолдошот.

Ад.: Радлов В. В. К вопросу об уйгурах (Приложе­ние к 70 тому Записок)//Известия АН, № 2. СПб., 1883; Бернштам А. Н. Историческая правда в легенде об Огуз-кагане//Советская этнография, 1935, № 6; Рашид ад-Дин. Сборник летописей, Т. 1, книга 1. М.; Л„ 1952; Бартольд В. В. Очерк истории туркменского народа. Соч., Т. II. Ч. I. М., 1963; Фазлаллах Рашид ад-Дин. Огуз-наме. Баку, 1987.