ОГАЙО
ОГАЙО (англ. ОЫо, ирокез тилинде - кооз, фр. Ьа Ве11е Кпйеге - кооз дарыя) - АКШдагы дарыя. Миссисипинин сол куймасы. Узундугу 1580 км, алабынын аянты 528,1 миң клг2. Аппалачи тоолорунан башталып, Аппалачи платосун жана Борбордук түздүктү кесип өтөт. Башкы куймалары - Кентукки, Камберланд, Теннеси (сол). Суук мезгилинде суусу кирип ташкындайт. Орт. чыгымы 8000 лг3/секдай. Шлюздар курулган, бүт агымы боюнча кеме жүрөт. Луисвилл ш. туштагы босоголорду айланып өтүүчү каналдар курулган. Алабында ири ГЭС, боюнда Питсбург, Цинциннати, Луисвилл ш. жайгашкан.