ОБИШИР ҮҢКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБИШИР ҮҢКҮРҮ - мезолит дооруна (биздин заманга чейинки 9-7-миң жылдык) таандык археол. эстелик. Баткен облусунун Сох жана Айдаркен айылдары­нын аралыгында, Катраң тоосунун түштүк тара­бында, Сох суусунун куймасы Обишир сайынын оң жээгинде жайгашкан. 1966-жылы Өзбек ССР ИАнын Ферганадагы таш доорун изилдөө боюнча отряды (жетекчиси М. Р. Касымов) ачкан. 0. ү. -1 жана 0. ү. - 5 маанилүү, калган үңкүрлөр археол. табылгага жарды. 1966-73-ж. казуу иш­тери жүргүзүлүп, Обишир маданиятынын эрте мезгилине таандык жаныбарлардын сөөк калдыктары, миздүү таш кыргычтар, таштан жасалган көзөгүч, бургу ж. б. куралдар та­былган.