НЫМДУУЛУК ЧЕНЕГИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЫМДУУЛУК ЧЕНЕГИЧ - газ, суюктук, ка­туу (ошондой эле чубурма) нерселердин (жыгач, кезде­ме, була, дан, азык-түлүк, нефть ж. б.) нымдуу­лугун ченөөчү прибор. Абанын нымдуулугу гиг­рометр жана психрометр, суюктуктун (башкача айтканда суу негизги компоненти болуп эсептелбеген суюк­туктун, мисалы, нефтинин, спирттин) нымдуулу­гу сыйымдуу жана кондуктометрдик Н. ч-тер менен өлчөнөт. Сыйымдуу Н. ч. суюктуктун диэлектр­дик туруктуулугун же диэлектриктик кором­жуну аныктоого, кондуктометрдик Н. ч. суюк­туктун электр өткөрүмдүүлүгүн өлчөөгө негиз­делген. Катуу нерселердин (монолиттүү, такта түрүндөгү, чагылган, майдаланган, чубурма) нымдуулугу кондуктометрдик, сыйымдуу, ра­диоизотоптуу, ошондой эле суунун курамына кирген суутектин ядросунун радио толкундарды резо­нанстык жутуусуна негизделген Н. ч-тер менен өлчөнөт.