НЫМДОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЫМДОО - суюктуктун катуу нерсе же башка суюктуктар менен тийишкен чегиндеги кубулуш. Суюктуктун берилген нерсени нымдоосу же ным­дабоосу суюктук менен катуу нерсенин молекула­ларынын ортосундагы өз ара тартышуу

күч­төрүнө көз каран­ды. Эгерде суюк­туктун молеку­лаларынын өз ара тартышуу кү­чү суюктук менен

катуу нерсенин молекулаларынын ортосундагы өз ара тарты­шуу күчүнөн кичине болсо, суюктук катуу нер­сени нымдайт. Термодинамикалык көз караш боюнча Н-нун чени катары чектик бурч (и) кабыл алынган. Катуу нерсеге тамчылатылган суюктук анын бети боюнча жайылат жана бир аз убакыттан ки­йин тең салмактуулукка келет, токтойт (мисалы, чиймеде О чекити). Бул тең салмактуулук шар­ты: Рк=Рсг-соз&+Ркс (1). Мында Ө - чектик бурч катуу нерсе менен суюктук бетине жүргүзүлгөн жа­нымалар арасындагы бурчка барабар; Ркг, Рсг, Ркс - тиешелүү фазалар ортолук беттин беттик тартылуу күчтөрү. Жогорудагы (1) барабардык­ты аиг=асг-со8Ө+аг.с (2) түрүндө да жазууга болот. Мында ак., а , акс - тиешелүү фазалардагы орто­лук беттердин беттик тартылуу коэффициент­тери. Чектик бурч дайыма суюктуктун ичи боюнча жүргүзүлөт жана (1) же (2) формулалар боюнча анык­талат: Ө=(ак-асг)/асг (3). Эгерде (,акг-асг)>асг бол­со, созӨнын эч бир маанисинде тең салмактуу­лук болбойт жана суюктук Р - күчүнүн чоңдугу­нун натыйжасында катуу нерсенин бети боюнча жайылат, башкача айтканда нымдайт. Ө=0 болгондо толук нымдайт, ал. эми 90°>Ө>0 болгондо толук эмес нымдайт: Эми (акг - ас.)>акс болгондо суюктук нерсени нымдабайт, башкача айтканда 0<Ө<180° болгондо нерсе нымдалбайт. Н. өнөр жайда, боёо, тазалоо жана сырдоо иштеринде кеңири колдонулат.