НЫЛДЫ (дарыя)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЫЛДЫ, Чырканакты, Распай - Кара­Буура районундагы суу, Талас д-нын оң куймасы. Узундугу 35 км, аянты 281 км2. Кыргыз Ала-Тоосу­нун батыш бөлүгүнүн түштүк капталынан башта­латынча Куралуу аянтынын орт. бийиктиги 2490 м. Жалпы узундугу 108 км келген 30 куймасы бар. Ири­лери: Утур (11 км), Коргон-Таш (11 км), Ачык­Таш (14 км). Кар (90%), жамгыр (10%) суула­рынан куралат. Март-август айларында суусу кирет, сентябрь-апрелде тартылат. Көп жыл­дык орт. чыгымы 0,79 м3/сек, суусу мол май айыныкы 2,58 м?/сек, суусу тартыш ян­варь-февралда 0,25 м3/сек, эң көп чыгымы 14,3 м?/сек. Айрым жылдары январь, июль, ав­густ айларында соолуп калат. Сугатка пайда­ланылат. Н-дан 2,33 м?/сек суу өткөрүүчү 6 ка­нал башталат. Воюнда Нылды кыш. жай­гашкан.