НУТРИЯ
НУТРИЯ, с а з к у н у (МуосавЪог соуриз) - кемирүүчүлөр түркүмүнүн нутриялар тукумундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 60 см, куйругу 45 см, салмагы 8 кгга жетет. Арткы бут манжалары сүзгүч жаргакча менен бириккен. Жүнү узун, кылкандуу, сур, күрөң түстө. Түштүк Американын тропик, субтропигинде, өзөн жана көл жээгинде, саздарда кезигет. Тоңбогон

көлмөлөрдө жана кургакта жашайт. Сууда жакшы сүзөт жана чумкуйт. Түнкүсүн жана күүгүмдө активдүү. Саз өсүмдүктөрүнүн бутагынан уя салат, ийин да казат. Жылына 2 жолу жүндүү, көзү көргөн 5-8 балдарын тууйт. Териси баалуу, эти желет. Териси жана эти үчүн колдо багылат.