НУСКООЧУ АКЫН
НУСКООЧУ АКЫН, нускоочу ырчытөкмөчүлук таланты күчтүү, ырларынын мааниси терең, көркөмдүгү жогору ырчылар. Алар табигый шыгынын бийиктиги, чыгармачылык дараметинин күчтүүлүгү менен жамакчылардан айырмаланат. Токтогул, Барпы, Жеңижок сыяктуу акындарга эл Н. а. деген атак ыйгарган. Булардын чыгармачылыгы акындык поэзиянын эң жогорку бийиктигине жеткен.