НУРЖАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРЖАНОВ Акматбек (11. 3. 1922, азыркы Та­лас обл., Талас району, Жон-Арык айылы - 23. 12. 1987, ошол эле жер) - педагог, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). «Кырк-Казык» орто мектеби­нин мугалими, Улуу

Ата Ме­кендик согуштун катышуу­чусу, (1941-45). (1939-40; 1948-51), Бүлкүлдөк орто мектебинин бөлүмүнүн баш­чысы (1940-42). Долоно жети жылдык мектебинин бөлүм башчысы (1946-48), директору (1951-53), Талас р-ндук Элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы (1956- 58), партиянын Талас рай­комунда бөлүм башчысы (1953-54; 1957-58), 2- секретары (1954-56), секретары (1958-60), Ле­нин колхозунда башкарма (1960-86) болгон. Ал Кызыл жылдыз, Ленин, Эмгек Кызыл Туу ор­дендери, Орок жана балка алтын медалы менен сыйланган.