НУРДӨӨЛӨТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРДӨӨЛӨТОВ Калмурат (1902, азыркы На­рын обл., Ак-Талаа району, Ак-Кыя айылы - 1961, ошол эле жер) - обончу, комузчу. 1936-41-ж. Кыргыз мамлекеттик филармонияда артист. 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндү­гүнө катышкан. 1941-43-ж. Ата Мекендик со­гушка катышып, колунан майып болуп келген­диктен, комуз чертүүгө жарабай, 1943-53-ж. кол­хоздо башкарманын төрагасы болуп иштеген. «Койчу», «Калмураттын ыры» ж. б. ырлары Кыргыз комитетинин телерадио алтын казынасына, грампластинкага жазылган. Көп обондору өз уба­гында тасмаларга жазылбай калган. Н. ырла­рын өзгөчө вокалдык ыкмада, аткарып, көмөкөй менен ырдоонун чыныгы устаты болгон. «Курман­бек», «Жаныш-Байыш» дастандарын башкалар­дай салттуу обондо эмес, ар бир каармандын тур­патына айкалышкан обондо айткан. Медалдар менен сыйланган.