НУРБЕКОВ
НУРБЕКОВ Кубанычбек [26. 4. 1928, азыркы Талас обл., Талас району, Кум-Арык (мурдагы Пик) айылы - 1985, Бишкек, сөөгү Кум-Арыкка коюлган] - укук таануучу, юридикалык илимдеринин доктору (1968), проф. (1970). 1951-жылы Ташкент мамлекеттик укук институтун бүткөн. 1956- 73-ж. Бишкектеги укук мектебинде мугалим, КМУда окутуучу, доцент, декан, кафедра башчысы, 1973-76-ж. Кыргыз ССР ИАнын Философия жана укук институтунда улук илимий кызматкер, 1976- 85-ж. сектор башчысы болуп иштеген. Илимий эмгектеринде укуктук проблемалардын мораль менен ажырагыс байланышын изилдеген, жарандык жана кылмыш укугунун жоболорун иштеп чыккан, укук бузуунун социалдык маңызын жана элементтерин, алардын пайда болуу себептерин жана өнүгүү

өзгөчөлүгүн ачып берген. Ал респ-дагы юрист-теориячылардын алгачкыларынан болуп көз карандысыз демокр.-укуктук мамлекет принцибине таянып, Кыргызстандын эгемендүү өнүгүүсүнүн илимий-укуктук концепциясын сунуш кылган. Н. эмгектеринде улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу саясий гана эмес, экономикалык, социалдыксаясий, аймактык мааниге да ээ экендигин көтөрүп чыгышы учурунда олуттуу саясий каталык катары бааланып, «улутчул» деген жалаа менен куугунтукталган (1972-жылдан). Укук маселелери боюнча бир нече эмгектердин автору. КумАрык орто мектебине ысмы ыйгарылган.