НУРА МӨҢГҮСҮ
НУРА МӨҢГҮСҮ - Чоң Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталындагы мөңгү. Узундугу 13,8 км, аянты 54,2 кмг. Кызыл-Суунун (чыгыш) алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 6340 м, этеги 3520 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4930 м, абляциясынын аянты 19,8 клг2. Өрөөн тибиндеги бир нече мөңгүнүн биригишинен түзүлөт. Негизгиси тоонун кырына жарыш чыгышка карай эңкейип жатат. Ири салаасы кошулгандан кийин кыска «тили» түндүккө карай чукул бурулуп, тике аяктайт. Мөңгүдөн Нура суусу (Кызыл-Суунун оң куймасы) башталат.