НУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРА - Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Сары-Могол айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 2940 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 170 км түштүк-батыш та­рапта. Ош т. ж. бекетинен 253 км. Калкы ЮООдей (2010); негизинен мал багат. Орто мек­теп, китепкана, оорукана, мончо, байланыш түйүнү бар. Кыштак 2009-жылкы жер титирөөдө

толугу менен кыйроого учурап, 2010-жылы калыбына келтирилип, заманбап курулуштар курулду. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Г. Ормонова туул­ган.